Коом
Мамбет Мамакеевди акыркы сапарга узатуу 26-ноябрда Улуттук хирургия борборунда өтөт

Коштошуу зыйнаты саат 11:00дө башталат. КР баатырынын сөөгү Ата-Бейитке коюлары айтылды.
Мамакеев хирург болуп 70 жылдан ашык иштеп, өмүрүнүн аягына чейин операция жасады. Медицина илимдеринин доктору узак жылдар бою иштегени үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.



