«Республикалык клиникалык оорукананын ишин жакшыртуу» долбоору боюнча насыя алынат
2024-жылдын 31-январында Жогорку Кеңештин токтому менен “КР Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2023-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык жакшыртуу” долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондунун кредити жана “Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык абалын жакшыртуу” долбооруна 2023-жылдын 21-августунда КР Министрлер Кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF атынан Мамлекеттик агенттик) ортосунда кол коюлган”.
Долбоордун максаты — иштеп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүү, аны заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, ошол эле учурда медициналык кызматкерлерди аны колдонууга үйрөтүү, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүү.
Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык, корей тарап корей вонунда 27 млн АКШ долларынын эквивалентинен ашпаган суммада, 40 жылдык кайтаруу мөөнөтү, 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен кредит берет, жылдык пайыздык чен 0,1% жана тейлөө акысы – ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1%.
Бул долбоорду ишке ашыруу инфраструктураны жакшыртуу жагынан да, медициналык персоналдын потенциалын жогорулатуу жагынан да Кыргыз Республикасынын улуттук саламаттык сактоо системасын бекемдейт.
Азыркы учурда жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлушу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен юридикалык корутунду алуу жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кореялык тарапка билдирүү алуу күтүлүүдө.