Айсулуу Тыныбекова күрөшкө качан кайтат? Өзүнөн жооп

Айсулуу Тыныбекова чоң спортко качан кайтып келүүнү пландап жатканын айтты.
Учурда спортчу Хорватияда күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышууда.
«Баарын «мен мындан ары күрөшөмбү?» деген бир суроо тынчсыздандырып жатат. Ооба, мен муну аябай каалайм. Келерки жылы акырындык менен баштайм. Жолдошум күрөш менен байланышкан адам болгондуктан тыюу салбайт. Бизди күрөш байланыштырды. Ал мени дайыма колдойт», — деди Тыныбекова журналист Вячеслав Абдусаламовго берген маегинде.
Тыныбекова Париж Олимпиадасынан кийин спорттук карьерасында тыныгуу жарыялаган. Анда балбан 3-орунду ээлеп, коло медаль уткан.
Андан кийин ал Кыргызстандын Күрөш федерациясынын аялдар күрөшү боюнча вице-президенти болуп дайындалган.
Ал кышында грим-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мурдагы мүчөсү Бакберген Абдимиталипов менен баш кошкон.
Булак: Баракелде маалымат агенттиги



