Коом

19-февралга карата аба ырайы

19-февраль, дүйшөмбүдө, кээ бир аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу өрөөндөрдө кар күрткүсү жаралат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө -3…-8, Талас жергесинде -5…-10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -2…+3, Ысык-Көл өрөөнүндө -3…+2, Нарында -10…-15 градуска жетет.

Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, Бишкекте -4…-6 градус суук болсо, Ошто 0…+2 градуска чейин жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button