Коом

Улуттук госпиталдын медайымы бейтаптын туугандары тарабынан сабалды

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.


Окуя 19-февралда травматология бөлүмүндө болгон. Медайым кош бойлуу экени, ал боюнан түшүп калуу коркунучу менен Шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылганы айтылды. Абалы туруктуу.

Укук коргоо кызматкерлери чакырылган. Дарыгерлер медициналык кызматкерди коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүүдө. 

«Биздин кызматкерлер бейтаптарыбыздын ден соолугуна жан үрөп кам көрүп келишет, аларга карата ар кандай зомбулук аракеттерине жол берилбейт. Биз кызматкерлерибиздин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөбүз. Ошол эле учурда бардык бейтаптарды жана алардын жакындарын сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракетин жасап жаткан кызматкерлерге сый мамиле кылууну суранабыз”, — деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button