Пайдалуу кеңештер
Адис стресс менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолун атады

Дарыгер Элиза Сакал стресс менен күрөшүүнүн психотерапиядан, ар кандай кошумчалардан жана диеталардан да натыйжалуураак жолу бар экенин билдирди.
Сакалдын айтымында, стресс менен күрөшүүдөгү эң жакшы “дары” — сапаттуу уйку. Ал түшүндүргөндөй, уйкусуздуктан улам адамдын канындагы кортизол гормонунун деңгээли жогорулайт. Бул гормон узакка созулган (хроникалык) стрессти күчөтүп, сактап турат.
Сапаттуу уйку кортизолдун деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет, деп белгиледи адис. Натыйжада нерв системасынын тең салмактуулугу калыбына келип, эс тутум жакшырат.
Мындан тышкары, уйку организмдеги өнөкөт сезгенүүнү да азайтат, ал дагы стресс менен тыгыз байланышта экенин Сакал кошумчалады.


