Коом
Таласта милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды

2024-жылдын январь айынын аягында ИИМдин КИББдин Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштылуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлерине «Темке» аттуу киши баңги заттарды сактап, сатуу менен алектенип жүргөнү белгилүү болгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө «Темке» аттуу адам Талас облусунун 1978-жылы туулган тургуну К.К. экени аныкталган.
Факт боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы кылмыш ишин козгоп, 1978-жылы туулган К.К. аттуу жарандын үйүн тинтүү учурунда «марихуана» баңги заты табылып, алынган.
1978-жылы туулган К.К. аттуу жаран ИИМдин ыкчам каттоосунда «Талас бригадасы» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.
Учурда иш боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.



