Окуялар

Бишкекте кармалган жаранды мыкаачылык менен сабаган деп шектелген милиция кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарды ашыкча пайдалануу жана дене күчүн колдонуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Тергөө маалыматына ылайык, участкалык милиция кызматкерлери «майда бейбаштык» беренеси менен кармалган Л.Д.Т. аттуу жаранды №2 ГОМго жеткиришкен. Бирок материалдарды мыйзам чегинде тариздөөнүн ордуна, тергөөнүн аныктоосу боюнча, «күчүн жана бийлигин көрсөтүү максатында» негизсиз түрдө кармалган жаранды сабашкан.

Алган жаракаттарына байланыштуу Л.Д.Т. тез жардам бригадасы тарабынан Улуттук госпиталга жеткирилип, стационардык дарылоо дайындалган.

 Эксперттик корутундуга ылайык, Л.Д.Т. төмөнкүдөй дене жаракаттарын алган: баш мээнин чайкалышы менен коштолгон жабык баш мээ жаракаты, эки омуртканын туурасынан кеткен өсүндүлөрүнүн сынуусу менен коштолгон жүлүндүн жабык жаракаты, ошондой эле бет жана бел тарабынын жумшак ткандарынын көгөрүшү.

2026-жылдын 21-февралында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында милициянын кенже лейтенанты Р.у.М. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button