ВИДЕО: Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү рейд өттү. Мас айдоочулардын арасында аялдар дагы бар

Жайкы туристтик мезгилде жол коопсуздугун сактоо максатында, Ысык-Көл облусунун аймагында дем алыш күндөрү атайын рейд өткөрүлдү. 26 – 27-июнунун аралыгында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү, курорттук-эс алуу жайларынын негизги бөлүгү жайгашкан калктуу пунктарда иш жүргүзүштү. «Эки күндүк иш-чарада жол эрежелеринин талаптарынын 72 бузуу фактылары аныкталган, анын ичинен 7 айдоочу мас абалында автоунааларын башкарып жүрүшкөн. Тилекке каршы, мас айдоочулардын арасында аял затынын өкүлдөрү да жок эмес. Атайын төлөнүүчү жайга 12 автоунаа токтотулду», — дейт Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов.
Мекемеден белгилегендей, ар бир жол кыймылынын катышуучусунун кыраакылыгы жалпы жол коопсуздуктун ачкычы болуп саналат. Эгерде, жол эрежесинин бузулгандыгына күбө болсо, кайдыгер болбой, дароо жакынкы милицияга кабарлоо туура чечим болот. Жооптуу жарандык позиция, жолдордогу жол кырсыктарынын алдын алууга, демек, алардын орду толгус кесепеттерин арылтууга болот.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы



