Коом

17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкектин айрым аймагында газ болбойт

17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында 17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Чүй, Ибраимов, Москва, К.Акиев; Жибек Жолу, Суюмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков; Элебаев, Байтик Баатыра, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрү; «Жыргал» мончосу кесилишкен аймакта жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button