Коом
Кыргызстан Россиядан электр энергиясын ала баштады
РФтин «Интер РАО» компаниясы 15-апрелден тарта Казакстан аркылуу энергия жөнөтө баштаганын россиялык ЖМКлар жазууда.
«Быйылкы жылдын апрелинен 2024-жылдын мартына чейин 900 млн кВт/саатка жакын электр энергиясы жөнөтүлөт. Учурда саатына 400 МВт ток алынууда. Бирок өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулатылса, Россия Кыргызстанда тартыш болуп жаткан 3 млрд кВт/саатты толугу менен жаап берүүгө даяр«, — деп айтылат билдирүүдө.
«Интер РАО» — Россиядагы электр энергиясын экспорттоо жана импорттоо боюнча жалгыз оператор болуп саналат. Алынып жаткан энергиянын баасы көрсөтүлгөн жок.



