Ленин райондук күзөт бөлүмүндө Күзөт кызматынын түзүлгөн күнүнө карата сыйлоо аземи болуп өттү

Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмү Күзөт кызматынын 58 жылдыгына карата Күзөт кызматына салымын кошуп келген өздүк курамга жана ички иштер органдарынын көп жылдар бою кызматта эмгегин сиңирген, ардактуу эс алууда жүрсө да салымын кошуп келген кесиптештерди медаль, ардак грамоталар, кол сааттар менен сыйлашты.

ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмү түзүм бөлүмдөр арасында жарандардын мүлкүн, жеке ишканаларын жана батирлерин сактоодо мыкты иш алып баргандыгы, жетекчилик курамы иш-кагаздар менен өз убагында так аткаргандыгы, объектилерди кайтарууда өздүк курам жоопкерчиликтүү мамиледе милдетин аткаргандыгы үчүн 1 орунду ээледи.

ИИМдин Күзөт кызматынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаровдун катышуусунда өздүк курамды, ардагерлерди медаль, ардак грамота жана мыкты белектер менен сыйлап, ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, иш-чарага Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Жыргалбек Шакиев катышып, Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын атынан өздүк курамга ар кандай сыйлыктарды тапшырды.
Аны менен бирге, “ЭлТР” МТРКсынын башкы директорунун орун басары Нуркамал Асканова тарабынан дагы мыкты кызматкерлер сыйланды.

Мындан тышкары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмү Бишкек шаарынын Ленин РИИБи менен тыгыз байланышта иш алып баргандыгы үчүн, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын жетекчилигинин сыйлыктары мыкты кызматкерлерге тапшырылды.



