Коом
Кыргызстандыктар Россиянын Бишкектеги жана Оштогу элчилигинин алдына гүл коюп кетип жатышат

Кыргызстандыктар Россиянын Бишкектеги элчилиги менен Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратынын алдына гүл алып келип жатышат. Бул «Крокус сити холл» концерттик залында кечээ түнү болгон терактыдан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу үчүн жасалууда.
Кечээ «Крокус сити холл» концерттик залында теракт жасалган. Андан каза болгондор 60тан ашканын, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн Россиянын Тергөө комитетинен билдиришти. Ооруканаларда учурда 115 адам болсо, алардын бешөө балдар экени айтылган. 60 кишинин абалы өтө оор. Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.



