Коом

Кыргызстандын ИДПсы 2026-жылдын башынан бери 428 миллиард сомдон ашты

2026-жылдын январь — март айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала эсептөөлөргө ылайык 428 миллиард 576,9 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

ИДПнын өсүү темпи бир айда ылдамдаган — үстүбүздөгү жылдын февраль айынын жыйынтыгы боюнча ал 8,8 пайызды түзгөн.

ИДПнын жалпы көлөмүндө кызмат көрсөтүү тармагынын үлүшү 50,4 пайыздан ашты, товар өндүрүү тармактары — 33,2 пайызды, ал эми продукцияга салынган таза салыктар — 16,4 пайызды түздү.

Өнөр жайдагы өсүш боюнча лидерлер 2025-жылдын январь — март айларына салыштырмалуу өнөр жайдын өсүшүн камсыз кылган негизги тармактар:

химиялык продукция өндүрүү — 3,1 эсеге;
жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү, полиграфиялык ишмердүүлүк — 1,7 эсеге;
фармацевтикалык продукция өндүрүү — 1,6 эсеге өскөн.

Бир ай ичинде лидер үчтүгү өзгөргөн жок, болгону экинчи жана үчүнчү орундар орун алмашкан.

Баалар боюнча абал 2026-жылдын январь — март айларында (2025-жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 3,3 пайызды түздү. Жылдык көрсөткүч менен инфляция 11 пайызга жеткен.

2026-жылдын башынан тарта бардык негизги багыттар боюнча баалар өскөн. Тактап айтканда:

калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери — 5,3 пайызга;
азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар — 4,3 пайызга;
алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары — 3,1 пайызга;
азык-түлүк эмес товарлар — 0,5 пайызга кымбаттаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button