Ысык-Көлдө аялдын өлтүрүлүшү. Жаңы жагдайлар белгилүү болду

Ысык-Көл облустук милициясынан аялдын өлтүрүлүшү боюнча жаңы жагдайлар чыкканын билдиришти.
Облустук милициядан белгилешкендей, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, таштанды жайынын жанында болжол менен 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Маркумдун өздүгү аныкталып, соттук-медициналык экспертизанын кортундусу боюнча 37 жаштагы Т.К. аттуу келин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү далилденген.
Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип ошол эле айылдын 52 жаштагы. А.Б. аттуу тургуну кармалган.
Сурак убагында шектүү маркум аял анын айылдашы болгонун билдирген. Буга чейин милиция шектүү каза болгон аял менен чогуу жашап келгенин билдирген.
Шектүү ошол күнү айылдашы экөөнүн ортосунда пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, аялды башка балка менен уруп, мойнун толгоп өлтүргөнүн айткан. Ал ошондой эле сөөктү ашканасында тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды жайындагы бактын жанына таштап салганын билдирген.
Жети-Өгүз райондук сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камака алынды. Тергөө амалдары уланууда.



