КоомСаясат

Садыр Жапаров Бишкектеги автобус оңдогон борборго барды

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, бийлик башындагылар ал жактагы кызматкерлердин иштөө шарты менен таанышкан. 

Жапаров автобустун чийилген жерлерин сырдап, оңдогон  малярдын айлыгын сураганда, ал жумасына беш күн иштеп, эки күн эс алып, 26-27 миң сом айлык аларын айткан. Президент бул акча аз экенин айтып, мэрге  маянасын жогорулатып берүүсүн тапшырган. Ошондой эле өлкө башчы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн автобустардын техникалык абалы, айдоочуларды даярдоо иштерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеген. 

Өлкөнүн биринчи адамдары Бишкек ЖЭБине да пландан тышкары барышкан. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button