Коом
Ташиев быйыл түрмөдө отургандар да бир тартипке салынарын билдирди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев быйыл түрмөдө отургандар дагы бир тартипке салынарын билдирди.
Ал узаган жылы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш аеосуз болгонун белгиледи.
“Мындан ары мамлекетибизде эч кандай бандиттер, уюшкан топтор, кайсы бир “авторитеттер” болбойт. Эгер мүчөлөрү калган болсо 2024-жылы тыптыйпыл жок кылабыз. “Мыйзамдагы ууру”, “положенец”, “смотрящий” деген сөздөр колдонулбайт. Эркиндиктегилерди эле эмес, түрмөнүн ичиндегилерди да тартипке салабыз”, — деди Ташиев.



