Окуялар

Шаирбек Ташиев 16-июлга чейин камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалымдалгандай, сот анын баш коргоо чарасын 15-майда карап, 16-июлга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги 1-апрелде Шаирбек Ташиев «Кыргызнефтегаздагы» коррупция, анын ичинде мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтирилгени боюнча шектелип кармалганын билдирген. УКМКнын мурунку төрагасынын иниси суракта «Кыргызнефтегазда» мунай бар экендигин угуп, алар менен нефть сатып алабыз деп келишим түзүүгө баргандыгын айткан.

Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button