Спорт
Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болду

Кечээ, 21-октябрда «Кыргызстандын Күрөш федерациясы» коомдук бирикмесинин кезексиз шайлоо жыйыны болуп өттү.
Күрөш федерациясынан билдиришкендей, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты.
Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүнү пландап жатканын белгилеп, ошол эле учурда спорттук карьерасын улантуу ниети бар экенин баса белгиледи.



