Коом

Жергиликтүү браконьерлердин мыйзамсыз иштери, Ысык-Көлдүн экосистемасын олуттуу коркунучка айлантууда

Браконьерликке каршы күрөшүү боюнча күчөтүлгөн чаралардын алкагында Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо боюнча активдүү аракеттерин улантууда.

Милиция кызматкерлери тарабынан 2-3-май күндөрүнүн аралыгында мыйзамсыз балык кармоого бөгөт коюу максатында көлдүн акваториясын синтетикалык торлордон тазалоо иштери жүргүзүлдү. Көлдөн  алынган браконьерлердин балык уулоочу торлорунун жалпы узундугу 4500 метрди түзүп, көлдүн жаратылыш ресурстарына тийгизген терс таасирин кыйла азайтты.

Мындан тышкары Түп айылынын жанындагы көлдүн жээгинен 17 жаштагы С.А. аттуу жергиликтүү тургун мыйзамсыз балык уулоо учурунда кармалып, андан далил зат катары 11 даана «Судак» балыгы алынган. Кармалган жаран Түп райондук милициясынын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн жеткирилген.

Практика көрсөткөндөй, айрым жергиликтүү тургундар баарынан мурда өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын гана коюп, балыкты мыйзамсыз уулоо менен алектенишет. Ошону менен биологиялык ар түрдүүлүктү жана экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн белгиленген мыйзамдарды жана эрежелерди этибарга алышпайт. Мыйзамсыз балык уулоонун мындай көрүнүшү, балыктардын көптөгөн түрлөрдүн популяциясынын азайышына алып келиши мүмкүн.

Алып айтсак, милициянын аракети менен үстүбүздөгү жылдын 4 айында Ысык-Көлдөн узундугу 153 чакырымдан ашкан браконьерлердин 153 даана тору тазаланып, алынган. Браконьердик торлордун мындай өлчөмдө көлгө салынышы, өз кезегинде көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө.

Ушундан улам, Ысык-Көл облустук милициясы бардык жарандарды жаратылыштын байлыгын сактоого көмөктөшүүгө жана мыйзамсыз балык уулоого, же башка экологиялык мыйзам бузууларга байланышкан шектүү аракеттер жөнүндө билдирүүгө чакырат.

Ысык-Көлдү браконьердик торлордон тазалоо боюнча активдүү иштер уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button