Коом

Кундуз Таштанова (Белла Стелла): «Мага эч нерсе асмандан түшкөн жок»

  • Ооба, мен ушул көралбастык деген нерсеге капа болом. Тилекке каршы бизде, аялдарда тилектештик деген нерсе жок. Бири-бирибизди көрө албай, ийгилик жаратып, башкага жардам берип жол көрсөтүп келаткан айымдардын артынан сүйлөп, ушак таратабыз. Азыр мени айрымдар «бул абадан акча жасап жатат» деп «шыбап» жатышат. Мен инфо продюсермин. Инфо бизнес деген бул замандын талабы. Дүйнө жүзү боюнча өнүгүп келаткан тармак. Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Интернет өнүккөн заманда дүйнө жүзү онлайн иштеп жатат. Мына ошол суроо-талаптын негизинде аталган тармак пайда болду. Туура, мен товар алып же сатпайм. Бирок, өзүм кымбат баага сатып алып окуп, изилдеп үйрөнгөн билимимди сатам. Мунун эмнеси жаман? Азыр ким бекер иштейт? Өзүмдүг баштапкы кесибим банкир. Аны биротоло таштап инфо продюсерликке өткөм. Демек мен акча табышым керек мунун эч кандай уяты же жашыруун сыры жок. Канчалаган үйдө отурган, жумушу жок айымдарга билимимди берип алар жашоодон ордуларын таап ийгилик жаратып жатышат. Психолог, косметолог,кийим саткандар, ошол эле идиш саткандарга да билим керек. Азыр мурункудай дүкөн же магазинде отуруп соода кылгандар аз. Баары онлайн платформага өтүп кеткен. Ошол интернет айдыңында кантип иш алып баруу керек. Алгач эмнеден баштап, адамдар менен кантип тил табышуу керек деген темаларда сабак өтөм. Алар менден алган билими менен иштеп, үй-бүлө, балдарын багып жатат. Менимче мунун эч кандай терс жактары жок.

Мени сынаардан мурда мен баскан бут кийимди кийип мен баскан жолдор менен басып көргүлө

  • Ошол эле психологду ала турган болсок, бир кабинет алып күнүнө ашып кетсе 10 адамды кабыл алып, жардам бере алат. Бирок ошол эле убакта онлайн иштеп, бир күндө 30 адамга пайдасы тийгени жакшыбы? Коомдогу аялдарга болгон мамилени көрүп, айрым учурларда жардам бере албай калганыбызга өкүнүп калган учурлар көп. Үй-бүлөлүк зомбулукка учурап же ажырашып депрессияга батып жашагысы келбей калган аялдар бизде өтө көп экендиги маалым. Ошолорго СММ адистигин үйрөтүп, алар үйдө баласын багып отуруп иштеп акча тапканы өзүнө да, үй-бүлөсүнө жана коомго да пайда эмеспи. Мен эч кимди зордоп мажбурлап алып келип окутпайм. Бирөөнүн чөнтөгүнө колумду салып акчасын тартып албайм. Ар ким өз каалоосу менен келип билим алып ыраазычылыгын айтып кетип жатышат. Анан айрымдар ошону да көралбай ар кандай ушак чыгарышат. Мен үй-унаа алсам ошого жараша эмгек кылдым. Эки кызымдын ооруганына карабай, түн уйкумдан калып иштедим. Казакстанга чейин барып окуп өз билимимди тереңдетип келдим. Мага эч нерсе асмандан түшкөн жок. Отуруп алып оозду чоюп сүйлөп коюш оңой эле.
    /

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button