Коом
«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү каттоодо убактылуу өзгөртүү киргизилгенин маалымдады

Учуу залы кеңейтилип жаткандыгына байланыштуу ички каттам менен жүрө турчуларды каттоо жери 2-кабатка көчүрүлгөн.
«Каттоодон 2-кабаттан өткөн соң жүргүнчүлөр 1-кабатка түшүп, текшерүүдөн өтүп, андан соң учакка түшүшөт. Алардын жүктөрү С секторунда (эл аралык авиакомпаниялар үчүн багажды кабыл алуу залында) берилет», — деп жазылат маалыматта.



