Коом

Мэрия – 101 жаштагы согуштун ардагерине батир берилет

Бишкектеги 101 жаштагы согуш ардагери Асек Урманбетовго мэрия батир берет. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Асек Урманбетов — 1923-жылы туулган, II топтогу майып.

Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Эки согушкер менен ал немистердин 76 унаасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына «Ата Мекендик согуш», «Кызыл Жылдыз» ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда Данк медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасындагы өндүрүш кооперациясында башкы бухгалтер, ревизор болуп эмгектенген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти катары карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button