Коом

Ысык-Көлдө туристтер аскадан документтерин жоготкон. Аларга милиция жана ӨКМдин куткаруучулары жардам беришти

21-август күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Чехиянын жараны Петр Пидима кайрылып, Ак-Суу районунун Ала-Көл аймагына бара жатып, сүйлөшкөн кызы менен өтө коопту аскалуу аймака туш болгонун билдирген. Жаралган көйгөйдөн улам жана өзүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн, ал рюкзагын аскадан ыргытууга мажбур болгон. Андан кийин, алар рюкзакты өз алдынча табууга аракет кылышкан, бирок андан тийиштүү жыйынтык чыккан эмес.

Туристтин айтымында, рюкзакта алардын чет мамлекеттик паспорттору, кредиттик карталары, акча каражаттары жана жеке буюмдары болгон.

Билдирүү боюнча, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери кайрылган туристтер менен бирге жардан рюкзакты түшүргөн жерге барышкан.  

Мындан тышкары, ӨКМдин аймактык куткаруучулары жардамга тартылып, алар 2 саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө аскалуу тоо кыркасынын жетүүгө кыйын жеринен рюкзакты таап, ээлерине кайтарып беришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button