Кара-Сууда 6 жаштагы кызга карата сексуалдык аракеттерди жасаган деп шектелген адам кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 6 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген 30 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу, облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя ушул жылдын 11-июлунда болгон. Кыз үйдүн короосунда курбулары менен ойноп жатканда, аны бейтааныш адам унаасы менен алып кетип калган. Кыздын туугандары аны издеп, аны ошол эле күнү кечинде табышкан. Кыздын айтымында, ал киши аны зордуктаган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыздын ата-энеси милицияга кайрылгандан аз өтпөй, шектүү кармалган. «Соттук-медициналык экспертиза зордуктоо болбогондугун аныктады. Бирок кызга карата ыплас аракеттер жасалган ”, – деп билдиришти полициядан.
Азыркы учурда иш сотко өткөрүлүп, шектүү камакка алынды.



