Окуялар
Бишкекте Чүй каналынын жээгинен кийими табылган 9-10 жаштагы бала изделүүдө

Бул тууралуу Биринчи май райондук милициядан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чоң Чүй каналынын Исанов көчөсү менен кесилишкен жээгинен 9-10 жаштагы балага ылайык болгон кийим жана бут кийимдер табылды.
Милиция каналдын жээгин карап чыгып, андан башка эч бир белги тапкан эмес. Учурда баланын өзүн издөөдө.
Суу боюнан кара түстөгү шым, ак футболка, рюгзак жана 32-ченемдеги бут кийим табылган.



