Чек арадагы чыр. Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүлдү

Кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Белгилей кетсек, бугүн, 29-апрелде, президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.
Өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн, бул кырдаалга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин маалыматтары угулду.
Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Тышкы иштер министрлигинин алдына дипломатиялык каналдар аркылуу тынчтык жолу менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштерди улантуу милдети коюлду.



