Саясат

Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдон өмүрүнүн акырына чейин кол тийбестик алды

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун биринчи жарлыгы экс-президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу болду.

Жарлыкка ылайык:

-Сооронбай Жээнбеков өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн жан сакчылар менен жүрөт.

-Сооронбай Жээнбековго жана үй-бүлөсүнө мамлекеттин эсебинен медициналык кызмат көрсөтүлөт.

-Сооронбай Жээнбековго өмүрүнүн аягына чейин Президенттин айлыгынын көлөмүнүн 75%и төлөнөт. Президенттин айлыгы жогорулаган сайын, Сооронбай Жээнбековдун айлыгы дагы көбөйүп турат.

-Сооронбай Жээнбековго өмүрүнүн аягына чейин «Ала Арча» резиденциясынан мамлекеттик үй бөлүнөт. Ошондой эле резиденциядагы расмий залдарга акысыз иш-чараларды, жолугушууларды өткөрө алат.

-Сооронбай Жээнбековго байланыш кызматтары мамлекеттин эсебинен төлөнөт жана аэропорт, автовокзал, темир жол вокзалдарын дагы акысыз пайдалана алат.

-Сооронбай Жээнбеков кол тийбестик укугуна ээ болду. Ал президент кезинде аткарган же аткарбаган иштери үчүн жоопко тартылбайт. Ошондой эле аны кармаганга, камаганга, тинткенге, суракка алганга болбойт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button