Коом

Кыргызстанда боорун алмаштырган бейтаптардын абалы туруктуу экени айтылды

Кыргызстанда алгачкылардан болуп боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу жана орточо оор абалда экени айтылды. Саламаттык сактоо министрлиги жакшы жылыштар байкалып жатканын, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштаганын билдирди.

Бейтаптарга керектүү болгон дары-дармек жетиштүү экени кабарланды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана түрк дарыгерлери менен күн сайын онлайн кенешме өтүп жатат.

«Донорлордун абалы туруктуу жана эч кандай даттануулары жок», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button