Коом
Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров Кыргызстандан алган таасири менен бөлүштү

Ал соцтармакта Кыргызстандын эли менен Борбор Азиянын чындап бермети болгон жаратылышын жакшы көрүп калганын жазган.
“Аба ырайы сонун болду, ат минип тоого чыктык, көлдү айланып бастырдык. Кыргызстандын өтө тездик менен өнүгүп жатканын байкадым , — деп жазган Дуров.
Ал телекоммуникациянын жергиликтүү лидерлери менен жолугуп, Telegram платформасынын колдонулушуна байланыштуу маселелерди талкуулаганын белгиледи.
Рахмат, Кыргызстан, биз жакында дагы келебиз. Меймандостугуңар ажайып Борбор Азияны кыдырып чыгууга шыктандырды



