Коом

Соцтармактарда тараган кыргыз жаранынын эмгек кулчулугунда жүргөндүгү тууралуу маалыматтын жагдайы аныкталды

2024-жылдын 21-июнь күнү социалдык тармактарда Казакстан Республикасынын аймагында жүргөн жана көптөн бери эмгек кулчулугунда жүрөм деген Максат Эсенбаев тууралуу маалымат жарыяланган.

Роликтин авторунун айтымында, аталган жаран жумуш издеп Казакстанга барып, физикалык зомбулукка кабылганы айтылган.

Маалыматты текшерүү учурунда М.У. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кайрылып, Максат Эсенбаев деп тааныштырган адам чындыгында анын бир тууганы Нарын облусунда туулган 37 жаштагы И.М. аттуу иниси экендиги жана соцтармактарда жарыяланган маалымат чындыкка дал келбестигин айткан. Аталган жаран спирт ичимдиктерин көп ичип, өзүн эмгек кулчулугунын курмандыгы катары көрсөтүп, элди адаштырып жүргөнүн билдирген.
Ошондой эле, 37-жаштагы И.М. бир нече жолу Кыргызстанга кайтып келип, үйүнөн кайра качып кетип жүргөнүн айтып берди.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, учурда Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте И.М. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button