Окуялар

Бишкектеги Панфилов музейи бузулат

Имарат тарыхый- маданий жана архитектура эстелиги тизмесинен чыгарылганын Маданият министрлиги билдирди. 

2015-жылы имарат жер титирөөгө туруштук бере албайт деген техникалык корутунду чыгып, аны буздуруу сунушталган. Мындан тышкары, быйыл февралда музейден өрт чыккан. Анда да изилдөө жүргүзүлүп, имараттын дубалынан жарака кетип, зымдар күйгөнү, экинчи кабатта пол жарым-жартылай жок экени аныкталган.

Министрлик аталган музей 20 жылдан ашык авариялык абалда турганын айтты.

Объект 1969-жылы тургузулган. Азырынча анын ордуна эмне курулары белгисиз. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button