Коом

Финансы пирамидасын уюштурган. Казак жараны Кыргызстандан экстрадицияланды

Финансы пирамидасын уюштурган Казакстандын жараны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстандан экстрадицияланды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Башкы прокуратурасы тарабынан Казакстандын Башкы прокуратурасынын А.Д.М. аттуу казакстандык жаранды уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана финансылык (инвестициялык) пирамиданы уюштурууга катышуу фактысы боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу максатын көздөп жиберилген суроо-талабы каралып, канааттандырылды.

Жогоруда көрсөтүлгөн атуулдун кылмыштуу кыймыл-аракеттеринин натыйжасында жабырлануучуларга – Казакстандын жарандарына 4 млрд тенгеден ашуун өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Айыпталуучуну Казакстан тарапка өткөрүп берүүнү уюштуруу КР Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматына тапшырылган.

2022-жылдын 16-февралында издөөдө жүргөн адам Казакстандын компетенттүү органдарына өткөрүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button