ИИМ: Чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүккө бөгөт коюу үчүн үч күндүк рейд өткөрүлдү

Акыркы учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында кыргызстандыктарды уруксаты жок чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктер жана жарандар тарабынан бузуу фактылары катталууда. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте 2024-жылдын 29-июлунан 31-июлуна чейинки аралыкта эскертүү-алдын алуу багытындагы үч күндүк рейд өткөрүлдү.

Бул иш-чара жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, адамдарды сатууга бөгөт коюу, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан биргеликте ишке ашырылды.
Анын алкагында Ички иштер министрлиги ИИОнун аймактык бөлүктөрүнө дагы мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларынын алдын алууга, бөгөт коюга багытталган профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу учурларын аныктоо жөнүндө көрсөтмө берген.

Рейддин жүрүшүндө борбор калаадагы Ош базарында жайгашкан 2 радио түйүндүн ээлери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ишмердүүлүгү токтотулду.
Алсак, үч күн ичинде Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана аймактык ички иштер органдары тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 95-беренеси (Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш)-12, 430-беренеси (Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдардын, алардын жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу)-71, 431-беренеси (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу)-322 бузуу аныкталып, протоколдор түзүлдү.Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) -10, 205-беренеси (Уурдоо) -1 менен катталган учурлар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ эскертет: Чет өлкөдө иштөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын этият болууга жана абийирсиз агенттиктердин шектүү сунуштарынан сак болууга чакырат.
Ишке орнотуучулар Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгектенүү үчүн чет өлкөгө жиберүүнүн жана чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасында иштөө үчүн тартуунун белгиленген тартибин бузууга жол беришкен учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылышат.



