Коом

Түндө Бишкекте куураган чөп өрттөнүп эртең менен өчүрүлдү

Бишкекте 8-августка караган түнү Бишкектин түштүк тарабында чыккан өрт эртең менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, өрт Ч. Айтматов көчөсүндөгү суу топтомо станциясынын аймагында чыгып, куураган чөп, андан кийин чуңкурдагы отун жана курулуштан чыккан таштандылар күйгөн. Тилсиз жоо 3 гектар жерди каптаган.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө түндө саат 00:06де өрт өчүрүүчүлөр тартылып, өрт эртең мененки саат 06:53тө өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button