Коом
Таш-Көмүрдө турак үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөдөн 4 киши көз жумду

ӨКМ билдиргендей, кырсык кечээ кечке маал катталган.
Тилекке каршы, турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 63 жаштагы киши, 13, 10 жаштагы балдар жана 6 жаштагы кыз каза болгон. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экени айтылды.



