Коом
Нарын шаарынын 158 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт

7-октябрда Нарын шаарында калаанын 158 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Иш-чара саат 18:00дө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта башталат.
Майрамдык концерттин алкагында белгилүү өнөр адамдары жана эстрада ырчылары, ошондой эле Нарын облусунан чыккан ышкыбоз таланттар өнөрүн тартуулашат.
Концерт жаңы көчмө сахнада өткөрүлөт.



