Коом
Лебединовка – ГЭС-5 автожолунун курулуш иштери 99% аяктады

Жолдун жарыктандыруу системасы да ишке киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жол мамлекеттин бюджетинин эсебинен курулууда. Эки тилкелүү болгон жол төрт тилкеге кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Ошондой эле негизги жолго кошумча тилке курулду.
Жолду жарыктандыруу системасы кечээтен тартып иштей баштады.
“Ал аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, түнкүсүн айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган”, – деп айтылат маалыматта.



