Саясат

Фамилия алуудагы тандоо өзгөрдү. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду

Президент Садыр Жапаров Үй-бүлө кодексине жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген  мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 11-июнда кабыл алынган.

Өзгөртүүлөр кыргыз каада-салтына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды ыйгарууда кеңири тандоого мүмкүндүк берүүнү максат кылат.

Белгилей кетүүчү нерсе, «-ов/-ова жана -ович/-овна» деген мүчөлөр колдонуудан алынбайт, мурункудай калат.

Эми жарандар төмөнкүдөй фамилияларды тандай алышат:

Фамилияга «уулу» же «кызы» сөздөрү кошулса, анда атасынын аты (отчество) кошулбайт. Же бул сөздөрдү кошпосо да болот.

Мисалы, Касымбеков Бакыт Аскарбекович болсо — Бакыт Аскарбек уулу же Бакыт Аскарбек делет;

Касымбекова Бегайым Аскарбековна болсо — Бегайым Аскарбек кызы же Бегайым Аскарбек делет.

Фамилияны чоң атасынын атынан алып, ага мүчө улабай койсо болот. Каалагандар ага атасынын атын да кошсо болот.

Мисалы, Бакыт Касымбек / Касымбек Бакыт Аскарбек уулу

Бегайым Касымбек / Касымбек Бегайым Аскарбек кызы

Ошондой эле фамилияга «тегин» сөзүн кошуу варианты да каралган. Ага каалагандар атасынын атын, «уулу», «кызын» да кошсо болот.

Мисалы, Касымбек тегин Бакыт Аскарбек уулу, Касымбек тегин Бегайым Аскарбек кызы.

Тектеш кабарлар

Back to top button