Коом
Мунарбек Сейитбек уулунун болочок жубайынын сүрөтү жарыяланды

Париж олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун болочоктогу жубайы экөөнүн сүрөтү тарады. Маалыматта Мунарбек сүйүктүүсүнүн колун сурап, шакек салганы айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин, мушкердин ата-энеси журналисттерге маек берип, анда Мунарбек Сейитбек уулу Париж олимпиадасына бара жатканда кызга сөйкө салып койгону айтылып, эки жаш 24-августта үйлөнөөрү белгилүү болгон.



