Коом
Балдарга каршы кылмыш иштеринин саны кыскарды

Бишкекте 2025-жылдын биринчи жарымында балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 287 кылмыш иши козголгонун Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Алтынбек Жолдошбеков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мындай укук бузуулар азайган. Былтыр 2024-жылы 311 учур катталган.
92 кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, 125 иш токтотулган, 15 иш башка органдарга өткөрүлүп берилген, 55 иш уланууда.



