Коом

Кооптуу жүк ташуучу унаалар үчүн семинар-сабактар уюштурулду

Кооптуу жүк, химиялык заттар, күйүүчү майларды ж.б.у.с. жүктөрдү ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында КР ИИМдин ЖККККББ жолдорду көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 2021-жылдын башынан бери “Роснефть”, “Партнернефть”, “Газпромнефть-Азия”, “Кумтор”,”Альфа-Ойл” ж.б. бир нече мекемелердинайдоочулук курамы менен семинар-сабактар уюштурулду.

Мындан тышкары кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар үчүн атайын эскертме буклеттер, анын ичинде ал айдоочулар кооптуу жүк ташууда кандай коопсуздук жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо керек экендиги, унаа каражаттарын кандай пайдалануу тууралу көрсөтмөлөр дайындалып, жол кыймылын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер тарабынан кызмат өтөөдө жана ошондой эле атайын стационардык посттордо таратылып жатат.

Маал маалы менен республика аймагында “Коопту жүк” аталышта рейдттик иш-чара өткөрүлүп турат. Иш-чаранын алкагында, бузууларды башкача айтканда, атайын уруксаттары, тийиштүү категориялары, техникалык кароодон өтүү белгиси ж.б. тийиштүү документтери жок айдоочуларга, бузуулар кодексинин негизинде чаралар көрүлөт.

Жыл башынан бери жалпы жонунан 132 аныктама, 20 эскертме, 20 бузуулар туурауу протокол түзүлүп 332500 сом өлчөмүндөгү штраф салынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button