Окуялар
Ысык-Көлдө төрт теплоходдун ээсине айып салынды

Ысык-Көлдө төрт теплоходдун ээсине абаны булгаганы үчүн айып салынды. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.
Аталган ведомство Чолпон-Ата жана Бостери аймактарында 14 кемени текшерип, атмосфераны булгаган төрт теплоходдун ээсин жоопкерчиликке тартты.
Алардын ар бири 7,5 миң сомдон төлөп, баш-аягы 30 миң сом айып салынды.
Министрликтен мындай рейддер дайыма жүргүзүлүп турарын айтышты.



