ДүйнөОкуялар

Санкт-Петербургда кыргызстандык жарандар кыргыз кызын 6-кабаттан ыргытышкан

Санкт-Петербургда кыргызстандык кызды 6-кабаттан ыргытышкан жана автоунаага салып алып кетүүгө аракеттенишкен. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, 2-сентябрда түнкү саат 2лер чамасында полицияга Заставской көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кызды ыргытышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери барышкан. Алар эки жигит автоунаага жабыркаган кызды салып кетүүгө аракеттенип жатканынын үстүнөн чыгышкан. Бул убакта кыз эсинен танган абалда болгон.

Маалыматтарга караганда, окуянын бардык катышуучулары — кыз жана жигиттер Кыргызстандын жарандары.

Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген, анын башы, көкүрөк тушу, ичи, колу жана буту жабыркаган. Ошондой эле мээси чайкалган, оң кабыргасы сынган. Акыбалы оор деп сыпатталууда. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button