Окуялар

Ысык-Көл облустук ИИБи тарабынан 12 миң сомго алдаган таксистке айып салынды

Тайвандан келген чет элдик турист жергиликтүү таксист менен болгон чыр тууралуу айтып берди. Анын айтымында, айдоочу Караколдон Нарынга 12 миң сомго жеткирип коюуну убада кылган.

Саякатчынын айтымында, айдоочу жолдон башка жүргүнчүлөрдү да салып алган. Ал эми Балыкчыда унаасы бузулуп калгандыктан, туристти маршруткага отургузуп, төлөгөн акчасын кайтарып берген эмес.

Туристтин айтымында, ал эки чоң рюкзак менен саякаттап жүргөндүктөн, ыңгайлуу шартта жетүү үчүн жеке такси издеп жаткан.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 2-сентябрында Facebook социалдык тармагындагы «Dennis Hsu» аккаунтунун колдонуучусу өз баракчасына таксисттин айынан алдамчылыкка кабылганын жазган.

Бул окуя Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, сотко чейинки текшерүүнүн алкагында тиешелүү чаралар көрүлгөн. Анын натыйжасында окуяга тиешеси бар адамдын өздүгү аныкталып, ал 1992-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну Т. Б. экени белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Т. Б. тиешелүү уруксатсыз, башкача айтканда лицензиясыз жүргүнчүлөрдү ташып жүргөнү аныкталган.

Ага Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 284-беренеси — «Лицензиясыз ишкердик жүргүзүү» боюнча протокол түзүлүп, 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Мындан тышкары, транспорт каражаты айып короого киргизилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button