Коом

Кыргызстанда кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды изоляциялоо сунушталууда

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды изоляциялоо Тартибин сунуштады.

«Мындагы максат — өлкөдөгү кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу, аталган дарт менен ооругандардын жана каза болгондордун санын азайтуу, максатка жетүү үчүн мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жаратуу», — деп белгилейт министрлик.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаал кооптуу бойдон калууда. Өлкө дары-дармекке туруктуу болгон кургак учук көп катталган дүйнөдөгү 30 өлкөнүн жана ДСУнун Европа аймагындагы кургак учук менен ооругандар көп кездешкен 18 өлкөнүн катарына кирет.

2018-жылы Кыргызстан башка өлкөлөр жана БУУнун катышуучу өлкөлөрү менен биргеликте 2030-жылга чейин кургак учук эпидемиясын жоюу милдетин алган, тагыраак айтканда кургак учуктан болгон өлүмдөрдү 95 пайызга, жаңы ооругандардын катталуусун 90 пайызга кыскартуу ниети коюлган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык, социалдык жана экономикалык көйгөйлөр кургак учукка каршы негизги кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кескин кыскартты.

Ошондой эле кургак учуктан дарылануудан баш тарткандардын көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Мындай жарандар социалдык жана психолгиялык көйгөйлөргө ээ. Турмуштук оор абалга тушуккан адам дарылануудан баш тартып, башка өлкөлөргө иш издеп кетүүгө аргасыз болушат, бирок ошол эле убакта дарыланууну атайылап токтотуп, өз ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаган жана анысы менен айланасындагыларга зыян келтирген адамдар да бардыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилейт.

Ошондуктан министрлик мындай бейтаптарды изоляциялоо чараларын кабыл алуу зарыл деп эсептейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button