Окуялар

Чүйдөгү тез татым жайынан сатуучу аялды тоногон шектүү кармалды

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 30-августта таңында белгисиз жаран тез татым жайына келип, каракчылык кылган. Ал тез татым жайына арткы эшиктен кирип, колундагы темир таяк менен сатуучу аялды коркутуп, кассадагы акчаны берүүнү талап кылган. Аял коркконунан кассада турган 42 миң сомду берген. Каракчы кетип баратып сатуучу аялдын «Редми» жана «Самсунг-А30» телефондорун ала кеткен. Андан кийин тез татым жайынын эшигинин сыртынан жаап, изин жашырган.

Бул окуядан кийин милицияга арыз жазылып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 47 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button