Коом

Чолпон-Атада ШКУнун 25 жылдыгынын алкагында иш-чара өтөт

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Эл аралык кинофестивалы 16-июлдан 19-июлга чейин Чолпон-Атада өтөт.  Иш-чара уюмдун 25 жылдыгына жана Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусуна туш келди.

Уюштуруучулардын айтымында, кинофестиваль маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, кесиптик байланыштарды чыңдоо жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы киноиндустриядагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн платформа болуп кызмат кылат.

Бул иш чарага ШКУга мүчө сегиз өлкөнүн расмий кино делегациялары, киноиндустриясынын, продюсердик борборлордун, адистештирилген уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылган.

Сынактык программага катышуучу өлкөлөрдүн улуттук кинонун заманбап өнүгүшүн чагылдырган көркөм тасмалары кирет. Мындан тышкары, көрүүчүлөргө 2025–2026-жылдардагы улуттук кинонун панорамасы, Кыргызстандын эл артисти жана кинооператор Кадыржан Кыдыралиевге арналган ретроспективдүү көрсөтүүлөр жана атайын маданий иш-чаралар көрсөтүлөт.

Ишкердик программа кинематография жаатындагы кызматташуу, кино биргелешип өндүрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык тегерек столду камтыйт.

Сынактын катышуучуларынын эмгектерин ШКУга мүчө бардык мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган эл аралык калыстар тобу баалайт. Жеңүүчүлөр фестивалдын жабылыш аземинде жарыяланат, ал гала-концерт менен аяктайт.

Фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурат.

Тектеш кабарлар

Back to top button