Саясат

Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Михаил Мишустин менен Адылбек Касымалиев кыргыз-орус күн тартибиндеги бир катар маанилүү маселелерди талкуулашат. Алардын катарында соода-экономикалык кызматташтык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы аракеттерди координациялоо бар.

Сапардын жүрүшүндө Россия өкмөтүнүн төрагасы президент Садыр Жапаров менен да жолугушары күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button