Кызыктар

Дененин «кыйкырыгы»: кандай белгилер кайсы оору тууралуу кабар берет?

Денебизде айрым учурда ар кандай тактар, белгилер пайда болуп калат. Биз ага анчалык көңүл бура бербейбиз. Көрсө, андай кылбашыбыз керек экен. Ар бир нерсе кайсы бир органдын жабыркап жатканынан кабар айтат. Аларды билип алыңыз.

Денедеги кызыл чекиттер — боордун иштөөсүнүн бузулушу же К витамининин жетишсиздиги.

Теринин кургашы жана тырмактардын сынышы — А жана Е витаминдеринин жетишсиздиги, организм сууну аз өлчөмдө алып жатканы, гипотиреоз.

Ооздун тегерегинин жарылышы — В тобундагы витаминдердин, айрыкча В2 менен В6нын жана темирдин жетишсиздиги.

Эриндин жана көз кабагынын ичи кубарышы — кан аздыгы, темирдин жетишсиздиги.

Тилде ак кабыктын пайда болушу — бисбактериоз, грибоктук инфекция, тамак-аш сиңирүү органдарынын бузулушу.

Чачтын көп түшүшү — темирдин, цинктин же биотиндин жетишсиздиги, гормандалдык дисбаланс.

Буттун шишиши — бөйрөктөгү, жүрөктөгү көйгөй же белоктун жетишсиздиги.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button